Эртең, 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30 градус ысыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +29…+31° ысык болот.