27-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…+6

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы +2…+4° болот.