-27 градус суук болот. 9-12-декабрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук,

тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.