«27 жашымда 6 балалуу болдум». Бишкекте 3 эм жарыкка келди

27-ноябрь күнү Бишкектеги 2-төрөт үйүндө 26 жаштагы Бүүзейнеп Каюм кызы 3 эм кызды жарыкка алып келди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жолдошу Кошали Каныбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 26 жана 27 жаштагы жаш түгөйлөр 1 уул 5 кыздын ата-энеси болуп отурушат. «Өзүбүз Лейлек районунун Кулунду айылынан болобуз. Бул келинчегимдин 4-төрөтү. 3 эмдерге чейин 1 уул, 2 кыздын атасы болсом, эми 1 уул, 5 кыздын атасы болуп отурам. Учурда баарынын абалы жакшы. Аттарын Алия, Сумая, Ясмина деп койдук. 9-декабрь күнү балдар ооруканасына которулуп, 16-декабрь үйгө чыгарып келдик. Өзүбүздүн үй жок болгон үчүн ата-энем менен турабыз. 2 бөлмөлүү батирде 10 киши жашайбыз. Учурда балдарды каралашып, жумушка деле убакыт жок калды. Батирге чыгайын десем, 6 балам менен албай жатышат. Мамлекет бизге да көңүл буруп, үй берип койсо жакшы болот эле. Баш кошконубузга 5 жыл болду. 5 жылда 6 балалуу болуп балдарымдын ортолору жакын болгондуктан, камсыз кылуу чынында өтө кыйын болуп жатат», — деди ал.