Эртең, 27-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Баткен облусунда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +18 …+23;
Нарын дубанында түнкүсүн +8… +13; күндүз +19…+24 градуска чейин жетет.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+24 градус болот.