27-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 27-майда түнкүсүн Нарын облусунун айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык зонасында жана Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +32…+34 градус болот.