27-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган  аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.