27-сентябрдан тарта абанын температурасы төмөндөйт

27-сентябрдан тарта абанын температурасы 5-6 градуска төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сентябрдын аягына чейин көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болбойт. «Ысык-Көл облусунда гана кыска мөөнөттүү жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт», — деп билдирди Кыргызгидромет.