27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.