27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;

Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +25…+27° жылуу болот.