27-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-январда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз +3…+5 жылуу болушу күтүлөт.