28-31-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертти. «Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз»,- деп айтылат маалыматта.










