28-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт

“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.

«Баш-Кара-Суу» суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, 105-контурдун батыш тарабы, ТЭЦ-2 жаңы конушу, Жаңы Селекция району, Достук, Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт. Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын ичүүчү суу камдап алууларын суранат.