28-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 28-августта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градуска жетет.