28-февралга карата аба ырайы

28-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт, бирок жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9;

Талас облусунда түнкүсү -8…-13, күндүз -3…-8;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -5…-10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -5…-7 градус болот.