28-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 28-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18 … +23, күндүз + 31 … +36;

Талас облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 20 … +25, күндүз +33 … +38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +27 … +32;

Нарын облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +27 … +32 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21 … +23, күндүз +34 … +36 градус ысык болот.