«28 миң сомду алдыртып жибердим» деген кыз кайрылуу жасады

«Мобилдик капчыктан 28 миң сомумду алдатып жибердим» деген кыздын кайрылуусу жарыяланды. Кыз кантип алданып калганын түшүндүрдү.

Ага чоочун бирөө видео менен чалып шаарда адашып калгандай түр көрсөткөн. Эч нерсе көрүнбөгөндүктөн кыз тегерек-четин көрсөтүүнү суранган. Анда шылуун видеотрансляцияны кошууну сунуштаган, эч жаман ою жок отурган кыз айтканындай кылган. Ошол замат эле алдамчы телефонду өчүрүп, капчыгындагы акчасын чыгарып кеткен.