28-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Влад Ушаков

28-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18 градус жылуу болот.