29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайына, Ала-Бел ашуусунда.
- 55-115-чакырымдарындагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарына, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарына кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.