29-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 29-апрелде өлкө аймагында күн ачык болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+19, күндүз +30…+35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Нарын дубанында түнкүсүн +4…+9; күндүз +21…+26;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18… +20, күндүз +32… +34 градус болот.