29-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 29-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +28… +33;

Талас облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +26 … +31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +31 … +33 градус ысык болот.