Эртең, 29-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33
Баткенде түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31
Нарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31
Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус болот.