29-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз+31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +34…+36 градус болот.