Раимжанов Жаныш Авазбекович Кербен шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Кербен шаардык мэриясынан билдиришти.
Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков Кербен шаарынын мэриясынын эмгек жааматы менен тааныштырды.
Раимжанов Жаныш Авазбекович 1996-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Кесиби боюнча экономист.