29-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 29-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8…+11, күндүз +18…+23;

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9; күндүз +18…+23;

Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус жылуу болот.