29-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл жана Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +33…+35 градус болот.