Эртең, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүн биринчи жарымында Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаан жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18.
Бишкекте 29-мартка караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.