29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.