29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарынын айдоо аймактарында, ошондой эле Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү минималдуу температура +11…+13°, күндүз максималдуу температура +26…+28°.