3 айда 13 миңден ашуун жаран пенсияга чыкты

2021-жылдын январь-март айларында 13 миң 361 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

13 миң 361 жарандын ичинде март айында 4 миң 39 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 789 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелген.