3-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30.

Нарын облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+37 градус болот.