3 балалуу жубайлар: «1 жумада бир жолу тамак ичсек ичтик, ичпесек жок»

Сүйүнбек Акышов жана Наргиза Осмонкул кызы Бишкектин четинде бир бөлмөлүү үйдө 3 баласы менен турат. “Экөөбүз тең ден соолугубузга байланыштуу иштей албайбыз. Каражаттын жоктугунан бир жумада бир жолу ысык тамак ичсек, калган күндөрү чай менен курсак тойгузабыз” деген үй-бүлөнүн баяны видеодо.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0700 40 50 61 (МБанк)

«Мен иштейин десем көкүрөгүм ооруп калат. Кээде жеңил ишке иштеп, кулпунай терем. Иттин этин тамакка кошуп эле жей беребиз. 1 иттин этин 1-2 күнгө жеткиребиз. Азыр үйдө тамак жасаганга такыр азык-түлүк жок. Балдарды окутканга акча жок. Биз ишке жарабайбыз», — деди жубайы.

«Жардамга муктажбыз. Балдарым кээде ачка отуруп калышат. Алар иттин эти экенин билбей жешет. Айтсак жебей коёт. 1 жумада бир жолу тамак ичсек ичтик, ичпесек жок. Ачка отурабыз. Нан, чай менен отурабыз», — деди жолдошу.