Тоң районундагы 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө Балыкчыдан батир берилди

Үч эм төрөлгөн аз камсыз болгон Тоң районунун тургундарына батир берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
— Бүгүн, 18-июлда, Балыкчы шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.
Үч эмдин ата-энеси Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиеванын өздөрүнүн турак жайы, жумушу жок жана Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.
Белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашкан, үй борбордук коммуникацияга туташтырылган. Квартира оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдары бар. Ошондой эле аталган үй-бүлө белек катары жеңил унаа алышты.
Министрликтин маалыматы боюнча, мамлекет тарабынан үч эм төрөлгөндө ар бир бала үчүн 50 000 сом жөлөк пул каралган. Ошого ылайык Абдылдаевдердин үй-бүлөсү 150 миң сом алган.