3 эсе көп бала батып окучу… Ош шаарындагы мектепке кошумча имарат курулду

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Нариман атындагы орто мектептин кошумча окуу имаратынын ачылыш аземине катышты.

Анда Мамытов 1200 адамга ылайыкташкан мектепте буга чейин орун жетишсиз болуп, 4 миңге жакын балдар окутулуп келгенин белгиледи. Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, мындай шартта балдардын билим сапаты жөнүндө айтуу кыйын.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардан чогулган бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланган.

Үч кабаттуу окуу имараты 24 окуу кабинетинен, ошондой эле ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын кабинети, китепкана жана окуу залынан турат.