3-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Эртең, 3-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +10…+12 градус болот.