3-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20 градус, күндүз +33…+35 градус болот.