«3 жылдан бери ИИМде иштеп келген». Тажик тараптын кол салуусунан милициянын улук сержанты көз жумду

16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов кызмат ѳтѳѳ учурунда каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Мыктыбек Мурзажанов 2019-жылдан тартып ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан ѳзүнчѳ ротасында кызмат ѳтѳп, аз убакыттын ичинде катардагы милиция кызматкери болсо да, өз милдетин мыкты аткарган, эл-жери үчүн күйгөн кичи пейил кызматкер катары кесиптештеринин элесинде калды», — дешти.