10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.
Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
«Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.