3-майдан тарта жаңы паспортторго документтерди кабыл алуу башталат

3-майдан тарта тарта биометрикалык жалпы жарандык паспортторго документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Учурда жабдууларды орнотуу жана сыноо иретинде паспорттордун бланкаларын басып чыгаруу иштери жүрүп жатат, ошондой эле программалык камсыздоо аягына чыгып калды.

2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун баалары аныкталды:

Жаңы үлгүдөгү паспорт  эки вариантта чыгарылат, аны жарандар өз каалоосуна жараша тандап алат. 50 барактуу паспорт чет өлкөгө көп чыккандарга ыңгайлуу. 34 барактуусу болсо, мурдагыдай эле 2006-жылы чыккан жалпы жарандык паспорт сыяктуу. Жаңы үлгүдөгү паспортто ээсинин жеке маалыматтары, санарип сүрөтү, колунун изи электрондук түрдө сакталат.