3-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…6

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° болот.