3 миң сомдук көмүр кампада дээрлик жок. Кезекте турган жарандар мушташып жатышабы? (видео)

Көмүрдү арзандатылган баада сатуу пунктунда, тактап айтканда, Мурманский, 1б/1 дарегинде кезек күткөндөр көп. Азыр ал жерде 200дөй адам турат. Бул тууралуу Kaktus.media сайты окурманга шилтеме берип, видео менен бөлүштү.

Окурмандын айтымында, кезекке турууга ымыркайы менен баргандар да бар. Мындан тышкары, мушташ да орун алганы айтылат. Видеодон аял кишинин «согушуп, мурду канап, үйүнө кетти» дегенин угууга болот.