3-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-ноябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 15…20;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 5…7°, күндүзгү температурасы 18…20° болот.