3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

Бүгүн, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 311 миң 363 адам. Добуш берүү убактысы саат 20:00дө аяктады.

Ноокат округу боюнча 25 миң 611 адам (28,13 пайыз) добуш берди. 

Ысык-Көл округу боюнча 21 миң 807 адам (22,4 пайыз) добуш берди.  

Свердлов округу боюнча 16 миң 424 адам (13,36 пайыз) добуш берди. 

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты.