3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын катуу болот. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы

Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн: +2…+4°С, күндүз: +14…+16°С.