3-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 3-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

​Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус болот.