Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +13…+15°, күндүзгү жогорку температурасы +26…+28° жылуу болот.