3-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.