3 жылдан бери бүтпөгөн Бишкек-Кара-Балта жолу. Айдоочулар менен жашоочулардын нааразычылыгы

2017-жылы башталган Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу 3 жылдан бери бүтпөй жатканы көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратууда.
SUPER TV аталган жерге барып унаалардын тыгынына, айдоочулардын жана ал жакта жашаган тургундардын нааразылыктарына күбө болуп келди.
Алар жол жаңыдан курулуп жатканы менен сапаты начар экенин айтып, учурда толук бүтпөй жатканы тыгынды пайда кылып, жолго эле көп убакыт коротууга аргасыз болуп жатышканын кошумчалашат.
Ал эми жолду куруп жаткан China Railway компаниясынын өкүлү Бишкек-Кара-Балта жолунун курулуш иштери 2021-жылдын июль айына чейин бүтүрүү пландалган дейт.
Репортажды видеодон көрүңүз.

3 жылдан бери бүтпөгөн Бишкек-Кара-Балта жолу. Айдоочулар менен жашоочулардын нааразычылыгы