30-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында, Таласта жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…10, күндүз +21…+26

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +27…+29° жылуу болот.