30-августтан 1-сентябрга чейин 9 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер министрлиги Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча профилактикалык жана башка иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө. Республиканын маанилүү обьектилеринде, жашоо-тиричилик объектилеринде жана башка жерлерде, анын ичинде чет мамлекеттердин элчиликтеринде, консулдуктарында жана өкүлчүлүктөрүндө коопсуздукту күчөтүү чаралары көрүлдү. 30-августтан 1-сентябрга чейин ички иштер органдары менен ИИМдин Ички аскерлери кызматы күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Жалпысынан майрамдык жана маданий иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого 9 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылат.

Борбордо жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү региондордо ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча деталдуу иш-планын иштеп чыгышкан. Ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине өздүк курамга кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту жана кесиптик этиканы сактоо боюнча тескемелерди өтүү тапшырылды.